Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР 2026-жылдын 21-майындагы № 71 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 28-июлу № 163
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-декабрындагы № 222 (27), 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2019-жылдын 24-январындагы № 18, 2020-жылдын 10-июлундагы № 75, 2023-жылдын 9-мартындагы N 53, 2024-жылдын 16-февралындагы N 48, 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 74, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 193, 2024-жылдын 9-декабрындагы № 198, 2025-жылдын 24-октябрындагы № 232, 2026-жылдын 21-майындагы № 71, 2026-жылдын 23-июнундагы № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам мамлекеттик жөлөкпулдарды, алардын түрлөрүн белгилейт, ошондой эле ушул мамилелерден келип чыгуучу процесстерди кошуп алганда, мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
2-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдар
1. Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана ушул Мыйзамдын алкагында кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө маселелерин башка мыйзамдарга кошууга тыюу салынат.
3-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына;
2) тарыхый мекенине кайтып келген жана "кайрылман" статусун алган этностук кыргыздарга;
3) эгерде алар менен жөлөкпулдарды берүү чөйрөсүндө эл аралык келишим түзүлгөн жана күчүнө кирген өлкөлөрдүн жарандары болуп саналса, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандарга.