Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 28-июлу № 163

Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө

2017-жылдын 21-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Жөнгө салуу предмети

Ушул Мыйзам мамлекеттик жөлөкпулдарды, алардын түрлөрүн белгилейт, ошондой эле ушул мамилелерден келип чыгуучу процесстерди кошуп алганда, мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.

 

2-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдар

1. Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана ушул Мыйзамдын алкагында кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

2. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө маселелерин башка мыйзамдарга кошууга тыюу салынат.

 

3-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү

1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына;

2) тарыхый мекенине кайтып келген жана "кайрылман" статусун алган этностук кыргыздарга;

3) эгерде алар менен жөлөкпулдарды берүү чөйрөсүндө эл аралык келишим түзүлгөн жана күчүнө кирген өлкөлөрдүн жарандары болуп саналса, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандарга.

2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу, ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарды жана ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарды (жетим балдарды) кошпогондо, толук мамлекеттик камсыз кылууда турган адамдарга, ошондой эле ушул Мыйзамдын 7-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга жайылтылбайт.

3. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү жумушсуздук боюнча жөлөкпул, убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпул, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул, каада-салттык (сөөк коюу) жөлөкпул жана бошонуу жөлөкпул берүүдө келип чыккан мамилелерге жайылтылбайт.

(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2023-жылдын 9-мартындагы N 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

31-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо принциптери

Мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо төмөнкү принциптерге негизделет:

1) даректүүлүк - мамлекеттик жөлөкпулдарды конкреттүү алуучуларга алардын жеке өзгөчөлүктөрүн жана башка объективдүү себептерин (жашы, ден соолугунун абалы, жыйынды орто жандык кирешенин өлчөмү, багуучусунун жоктугу, мамлекеттик социалдык колдоого өтө муктаждык, оор турмуштук кырдаал) эске алуу менен берүү;

2) кепилдүүлүк - мамлекеттик жөлөкпулга укугу бар адамдарга аны милдеттүү түрдө дайындоо;

3) ачыктык/айкындык - мамлекеттик жөлөкпулдарды берүүдө ачык-айкындык механизмдерин жана жарандардын мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк түзгөн байланыш инструменттерин түзүү;

4) жоопкерчилик - мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан ушул Мыйзамдын бузулушуна мамлекеттин таасир этүү механизмдерин түзүү.

(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр жана терминдер

Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

1) мамлекеттик жөлөкпул - "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясынын 2-1-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, ушул Мыйзамга ылайык пенсиялык камсыз кылууга укугу жок балдарга жана адамдарга жөлөкпулдар жана бир жолку төлөөлөр түрүндө көрсөтүлүүчү мамлекеттик социалдык колдоо;

2) (КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) арыз ээси - өзүнө же болбосо анын камкорчулугу/көзөмөлчүлүгү алдында турган адамга, же болбосо жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык жол-жоболоштурулган ишеним кат боюнча мамлекеттик жөлөкпул дайындоо үчүн кайрылган адам;

4) пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдар – "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясынын 2-1-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, балдарды кошуп алганда, медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (мындан ары - МСЭК) тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам деп таанылган адамдар, балдар - ата-энесинен (ата-энелеринен) айрылган учурда, билим берүү уюмдарында - 23 жашка чейинки күндүзгү негизде окуган окуучулар, төмөнкү куракка жеткен адамдар: эркектер - 65 жаш, аялдар - 60 жаш, баатыр-энелер - 55 жаш;

5) толук мамлекеттик камсыз кылуу - мамлекеттик же муниципалдык мекемеде турган убакытта (мезгилде) адамдарга акысыз тамак-аш, акысыз кийим комплектисин жана бут кийим, акысыз жашоо берүү жана акысыз медициналык тейлөө же алардын толук наркынын ордун толтуруу;

6) алуучу - өзүнө же болбосо анын камкорчулугу/көзөмөлчүлүгү алдында турган адамга, же болбосо жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык жол-жоболоштурулган ишеним кат боюнча мамлекеттик жөлөкпул алган адам;

7) аз камсыз болгон үй-бүлө - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ар айдагы кирешеси кепилденген эң төмөнкү кирешеден төмөн болгон үй-бүлө;

8) жарды үй-бүлө - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ар айдагы кирешеси кедейчиликтин чегинен төмөн болгон үй-бүлө;

9) үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси - отчеттук мезгилдин ичинде үй-бүлө мүчөлөрүнүн өндүрүштүк иштен алган кирешелер, менчигинен жана күндөлүк трансферттерден (ар айлык негизде берилүүчү материалдык жардам жана башка компенсациялык төлөмдөр) алган кирешелер түрүндөгү каражаттарынын суммасы;

Көңүл буруңуздар! КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүн караңыз.

10) муктаждыкты аныктоо - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул дайындоо үчүн зарыл болгон үй-бүлөнүн кирешесинин бардык булактарын изилдөө.

(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2019-жылдын 24-январындагы № 18, 2024-жылдын 16-февралындагы N 48, 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 74  Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

5-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдардын түрлөрү жана өлчөмдөрү

1. Мамлекеттик жөлөкпулдардын түрлөрү:

1) "балага сүйүнчү" - ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөө;

2) "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул;

3) "социалдык жөлөкпул" - пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул;

4) ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул.

2. Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жана жашоо минимумун эске алуу менен экономиканын абалына жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жыл сайын белгиленет.

3. Пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдар жана төмөнкү куракка жеткен: эркектер - 65 жаш, аялдар - 60 жаш; баатыр-энелер - 55 жаш үчүн ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык белгиленген пенсиянын базалык бөлүгүнөн жогору эмес өлчөмдө белгиленет.

(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2020-жылдын 10-июлундагы № 75, 2023-жылдын 9-мартындагы N 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

51-берене. Кепилденген эң төмөнкү киреше

1. Кепилденген эң төмөнкү киреше - бул бюджеттик мүмкүнчүлүктөрдүн жана экономиканын абалынын эсебинен аныкталуучу, жашоо минимумун эске алуу менен 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул үй-бүлөлөрдүн муктаждыгы аныкталган жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген көрсөткүч.

2. Кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү жыл сайын кайра кароодо жашоо минимумунун орточо жылдык өлчөмүнө жакындоого тийиш жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2023-жылдын 9-мартындагы N 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

6-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө каражаттар

Ушул Мыйзамда каралган мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө, ошондой эле мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучуларга аларды жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

(КР 2023-жылдын 9-мартындагы N 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)