Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 2-августу № 168
2017-жылдын 17-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Бишкек шаарынын медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
2017-жылдын 28-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
2017-жылдын 17-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Бишкек шаарынын медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Сауд өнүктүрүү фондуна көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-августунда № 91 (2816) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |