Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 22-ноябры № 192
2005-жылдын 6-декабрында Женева шаарында кол коюлган 1994-жылдын 15-апрелиндеги Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу
2017-жылдын 26-октябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2005-жылдын 6-декабрында Женева шаарында кол коюлган 1994-жылдын 15-апрелиндеги Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Башкы директоруна көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыялангандан күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Атамбаев |