Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 24-январы № 10
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 3-декабрындагы № 134, 2019-жылдын 26-декабрындагы № 146, 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2024-жылдын 26-февралындагы № 57, 2024-жылдын 26-июлундагы № 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене
1. (Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. (Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул Мыйзамда колдонууга киргизүүнүн башка мөөнөттөрү белгиленген жоболорду кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилсин.
5. "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилсин.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (мындан ары - Жазык кодекси) колдонууга киргизилген күндөн тартып, колдонулуусун ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте сактап калуучу жоболорду кошпогондо, төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 69 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 230-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 21-сентябрындагы № 124 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 3, 86-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-декабрындагы № 141 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 181-ст.);
5) "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 23-июлундагы № 77 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 8, 305-ст.);
6) "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-ноябрындагы № 92 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 10, 373-ст.);
7) "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 12-мартындагы № 36 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 3, 128-ст.);