Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2017-жылдын 12-декабры № 207 (12)

Жерди пайдалануу жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49, 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2017-жылдын 15-ноябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ("Эркин Тоо" газетасы, 2013-жылдын 26-июлу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

88-беренеде:

а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Турак жана турак эмес жайларды кайра куруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген архитектуралык-курулуш, шаар куруу ченемдери менен аныкталат.";

б) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.

3-берене.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4-берене.

"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

13-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын:

"Эгерде тийиштүү жабдуунун кубаттуулугу электр энергиясын берүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк түзгөн учурду кошпогондо, көп батирлүү үйлөрдүн жашоочуларынын (турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктеринин) электр энергиясын башка өзүнчө турак, соода жана өнөр жай объектилерине берүүсүнө тыюу салынат.