КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 9-январы № 1
"Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 30-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 8, 469-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын 4-бөлүгүндө "мекемелеринин" деген сөз "саламаттык сактоо уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-статьяда:
а) 4-бөлүгүндө "дарылоо-алдын алуу мекемелеринде" деген сөздөр "саламаттык сактоо уюмдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан жана пландуу медициналык жардам алуу үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына кайрылган чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылбаган адамдарды текшерүү жана дарылоо акысын төлөө негизинде же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.";
3) 5-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө:
- үчүнчү абзацында "продукциялар менен тамак-аш азыктарынын" деген сөздөр "продукциялардын" деген сөзгө алмаштырылсын;
- сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: