Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 3-декабрындагы № 147
Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 18-марты № 35
"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 6-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 435-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) 1-бөлүк "Аудитордук иш" деген сөздөрдөн кийин "(аудитордук кызмат көрсөтүүлөр)" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аудиттин максаты финансылык отчет берүүнүн колдонулуучу негиздерине ылайык финансылык отчеттун бардык олуттуу аспектилеринде анын аныктыгына болгон пайдалануучулардын ишениминин даражасын жогорулатуу болуп саналат.";
в) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аудитордук уюмдарга жана жеке аудиторлорго аудит жүргүзүүдөн жана ушул статьяда каралган кызмат көрсөтүүлөрдөн башка кандайдыр бир башка ишкердик иш менен алектенүүгө тыюу салынат.
Аудитордук уюмдар жана жеке аудиторлор аудитордук кызмат көрсөтүүлөр менен бирге аудитордук иш менен байланышкан кызматтарды көрсөтө алышат, алар төмөнкүлөр:
- бухгалтердик эсепти жолго коюу, калыбына келтирүү жана жүргүзүү, бухгалтердик (финансылык) отчётторду түзүү, бухгалтердик консультацияларды берүү;
- салыктык консультацияларды берүү, анын ичинде салыктык эсептерди жолго коюу, калыбына келтирүү жана жүргүзүү, салыктык эсептерди жана декларацияларды түзүү;
- уюмдардын жана жеке ишкерлердин финансылык-чарбалык иштерин талдоого алуу, экономикалык жана финансылык консультацияларды берүү;
- башкаруучулук, анын ичинде уюмдарды кайра түзүү же аларды менчиктештирүү менен байланышкан консультацияларды берүү;
- маалыматтык тутумдарга аудит;
- Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандартынын жана аудиттин эл аралык стандартынын талаптарына ылайык баалоо иши;