Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 66 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 18-майы № 65
Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө
2019-жылдын 10-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
Ушул Мыйзам органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн, аны сертификаттоонун укуктук негиздерин аныктайт, сертификаттоочу органдардын, органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн, жеке жана юридикалык жактардын, органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу органдардын ортосунда келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле калктын органикалык айыл чарба продукциясына болгон керектөөлөрүн канааттандыруу жана анын экспортун көбөйтүү максатында органикалык айыл чарба продукциясынын ички рыногун өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.
1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
1) органикалык айыл чарба өндүрүшү - ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынуучу органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү, сактоо жана кайра иштетүү боюнча иш;
2) органикалык айыл чарба продукциясы - ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык агрохимикаттарды, пестициддерди, антибиотиктерди, гормондук препараттарды, гендик-модификацияланган (гендик-инженердик, трансгендик) организмдерди пайдаланбастан өндүрүлгөн, иондоочу нурланууну пайдалануу менен тазалоого дуушар болбогон айыл чарба продукциясы;
3) органикалык тамак-аш азыктары - ушул Мыйзамга ылайык өндүрүлгөн, курамында органикалык тамак-аш ингредиенттерин бардык ингредиенттердин (аш тузун жана сууну кошпогондо) массасынын 95 пайызынан кем эмес камтыган тамак-аш азыктары;
4) тоюттар (тоют азыктары) - адамдардын жана жаныбарлардын ден соолугуна зыяндуу таасир келтирбеген жана жаныбарларды тоюттандыруу үчүн арналган өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан, минералдык микробиологиялык заттардан алынуучу накта азыктар;
5) тамак-аш ингредиенти - тамак-аш продукциясын жасоодо (өндүрүүдө) рецептке ылайык пайдаланылуучу жана анын курамдык бөлүгү болгон тамак-аш азыгы же зат (анын ичинде, тамак-аш кошулмалары жана ароматташтыруучулар);
6) салттуу айыл чарба өндүрүшүнөн органикалык айыл чарбасын жүргүзүүгө өтүүчү мезгил - органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүгө өтүү үчүн зарыл убакыттын белгилүү бир аралыгы;
7) гендик-модификацияланган (гендик-инженердик, трансгендик) организмдер (мындан ары - ГМО) - гендик инженериянын ыкмаларын колдонуу менен алынган жана (же) гендик-инженердик материалды, анын ичинде гендерди, алардын фрагменттерин же гендердин комбинацияларын камтыган, табигый организмдерден айырмалуу тукумдук генетикалык материалды жаратууга же өткөрүп берүүгө жөндөмдүү организм же бир нече организмдер, ар кандай клеткасыз, бир клеткалуу же көп клеткалуу түзүлүштөр;
8) ГМОдон өндүрүлгөн азык - толугу менен же жарым-жартылай ГМОдон иштелип чыккан бардык азыктар;
9) ГМОнун жардамы менен өндүрүлгөн азык - өндүрүш процессинде акыркы тирүү организм катары ГМОну колдонуу жолу менен алынган, бирок гендик-модификацияланган организмдерди камтыбаган жана мындай организмдерден турбаган бардык азыктар;
10) органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчү - ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык, органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчү жеке же юридикалык жак;
11) органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүнү мамлекеттик каттоо - аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы тарабынан органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүнү каттоо;
12) органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн реестри - органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн тизмеги;