Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Көңүл буруңуздар!

КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 30-июлу № 107

Жерди пайдалануу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 129,  2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2019-жылдын 20-июнунда

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-берене.

"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230а-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Байланыш курулмалары - жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) объекттер катары байланыш каражаттарын жана тутумдарын жайгаштыруу үчүн түзүлгөн же ылайыкталган электр байланыш операторунун инженердик инфраструктурасынын объекттери (анын ичинде, чектелбестен, базалык станциялар, антенна-мачталык курулмалар, антенна-фидердик түзүлүштөр, байланыштын линиялык-кабелдик курулмалары).".

2-берене.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3-берене.

(КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129  Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)

4-берене.

Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж. № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: