КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 26-декабры № 12
Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 11-августундагы № 98, 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) 11-пунктунун "д" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"д) эл аралык келишимдин негизинде түзүлгөн;";
б) статья төмөнкүдөй редакциядагы 261-пункт менен толукталсын:
"261) айыл чарбалык эмес жерлердин түрлөрү - бул короо-жай алдындагы жерлер; жамааттык огороддор жана бакчалар; токой жерлери, дарактар жана бадалдар; суулар, жолдор, мал айдоочу жолдор, имараттар, курулуштар, короолор, көчөлөр астындагы жерлер, бузулган жерлер;";
2) 15-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы 82 - 84-пункттар менен толукталсын:
"82) айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы жайыттарды, чабындыларды жана айыл чарбалык эмес жерлердин түрлөрүн ушул Кодекстин 20-статьясынын 12-пунктунда көрсөтүлгөн турак-жайларды курууга жерлерден жана айыл чарба жерлеринен тышкары, жерлердин башка түрлөрүнө же башка категорияларына которуу;
83) запастагы жерлерди айыл чарба багытындагы жерлердин категориясына которуу,
84) көрүстөн, ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу объекттери, тазалоочу курулмалар, таштанды полигондору үчүн бөлүнүүчү жерлердин бардык категорияларын жана түрлөрүн жерлердин башка категорияларына которуу;";
3) 20-статьяда:
а) 12-пунктунда "чабындыларды, жайыттарды, запастагы жерлерди" деген сөздөр "маданий жайыттарды, түп-тамырынан жакшыртылган чабындыларды, түп-тамырынан жакшыртылган жайыттарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 181-пункт менен толукталсын:
"181) айыл чарба багытындагы жерлердин категориясын кошпогондо, запастагы жерлерди жерлердин башка категорияларына которуу;".
2-берене.
"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 902-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-беренеде:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) айыл чарба жерлерин (айдоо жерлер, көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер, кысыр аңыз, маданий жайыттар, түп-тамырынан жакшыртылган чабындылар, түп-тамырынан жакшыртылган жайыттар) жерлердин башка түрлөрүнө же жерлердин башка категориясына которот;";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
"41) айыл чарба багытындагы жерлердин категориясын кошпогондо, запастагы жерлерди жерлердин башка категорияларына которот;";
2) 7-беренеде:
а) берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) айыл чарба багытындагы жерлердин категориясындагы жайыттарды, чабындыларды жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин түрлөрүн ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн айыл чарба жерлерин жана жеке турак жайларды курууга жерлерге которуудан тышкары, жерлердин башка түрлөрүнө же башка категорияларына которот;";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21) запастагы жерлерди айыл чарба багытындагы жерлердин категориясына которот;";
3) 12-беренеде:
1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10) инвестицияларды илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын реестрине киргизилген инвестициялык лотту түзүү менен.".
3-берене.
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 7, 252-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) 3-пунктунун онунчу абзацында "үчтөн биринен кем эмеси" деген сөздөр "жыйырмадан кем эмеси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 43-пункт менен толукталсын:
"43. Инвестициялык лоттор - бул өзүнө инвестициялык сунушту, долбоордун инфратүзүмүн, активдерди, чийки базаны жана сатуу рыногун талдоону, уруксат берүүчү документтерди жана преференцияларды берүүнү камтыган демилгеленген долбоорлордун өзгөчөлүгүн эске алуу менен инвесторго берилүүчү чечимдердин комплекси.";
2) 111-статьяда:
а) 1-пункттагы "50" деген цифралар "10" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 112-статья менен толукталсын:
"112-статья. Инвестициялык лоттор
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган инвестициялык лотторду түзүүнүн жана сунуштоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык инвестициялык конкурстук тандоону жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча инвестициялык лотту инвесторго берет.".
5-берене.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 14-статьянын онунчу абзацында "экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "инвестицияларды илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 17-статьянын 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда жана 2-бөлүгүнүн 7-пунктунда "экономика чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "инвестицияларды илгерилетүү боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 26-статьянын 1-бөлүгүнүн 3-пункту "Кыргыз Республикасынын аймагында" деген сөздөрдөн кийин "инвестицияларды илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген өтүнмөнүн негизинде" деген сөздөр менен толукталсын.
6-берене.
(КР 2021-жылдын 11-августундагы № 98 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу |
Т.Т. Мамытов |
2020-жылдын 12-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|