Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150

Мыйзамына ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2021-жылдын 17-марты № 33

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-беренеде:

а) берене төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:

"12-1) башка жерлер - айыл чарбалык эмес жерлердин түрү, аларга төмөнкүлөр кирет: кум, таш баскан жерлер, жарлар, шагылдуу жерлер, көчкү, эшилмелер, аскалар, мүрзөлөр, таштанды астындагы жерлер;";

б) 26-1-пункту "бузулган жерлер;" деген сөздөрдөн кийин "башка жерлер;" деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 19-мартындагы № 21-22 (3200-3201)  жарыяланды

Кыргыз Республикасынын

              Президенти

 

С.Жапаров