Редакцияот 15.12.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2008-жылдын 15-декабры № 259

Москва шаарында 2008-жылдын 13-февралында кол коюлган аскердик багыттагы продукцияларды өндүрүүгө катышкан ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу

2008-жылдын 14-ноябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

Москва шаарында 2008-жылдын 13-февралында кол коюлган аскердик багыттагы продукцияларды өндүрүүгө катышкан ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы тууралу россиялык тарапка билдирсин.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти                                                                                                                      К.Бакиев