Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2021-жылдын 20-октябры № 123

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 113, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2024-жылдын 16-январындагы № 17, 2024-жылдын 29-июлундагы № 150, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2024-жылдын 29-июлундагы № 154, 2024-жылдын 30-июлундагы № 156, 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 166, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

I Бөлүм. Жергиликтүү мамлекеттик администрация

II Бөлүм. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу

 

1-берене. Жөнгө салуу предмети

 

1. Ушул Мыйзам жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруунун тартибин, алардын милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын, ошондой эле алардын ортосундагы өз ара мамилелердин тартибин белгилейт.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маселелерин жөнгө салуучу башка мыйзамдар ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

3. Чек аранын жанындагы, бийик тоолуу, алыскы аймактар жөнүндө мыйзамдарда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштөө өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.

 

I БӨЛҮМ

ЖЕРГИЛИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯ

1-глава. Жалпы жоболор жана принциптер

 

2-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрация

 

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрация райондо аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация - Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары - Министрлер Кабинети) баш ийген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы, ал тиешелүү аймакта аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн макулдашылган ишин камсыз кылат, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат жана өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын аткарылышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат.

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациядагы аткаруу-тескөө ишинин маселелерин кароо үчүн консультациялык-кеңешүүчү орган - коллегия түзүлөт. Коллегиянын курамына жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, анын орун басарлары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы аныктоочу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка кызмат адамдары кирет.

4. Жергиликтүү мамлекеттик администрация өз ишинде Президентке жана Министрлер Кабинетине отчет берет.

 

3-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишинин жалпы принциптери

 

Жергиликтүү мамлекеттик администрация өз ишин төмөнкүдөй принциптерде жүргүзөт:

1) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;

2) жарандардын жана жергиликтүү коомдоштуктардын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо;

3) жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү кызыкчылыктарды айкалыштыруу;

4) маселелерди чечүүдө ачыктык жана айкындык;

5) өз ишинин натыйжалары үчүн мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана калктын алдындагы жоопкерчилик;

6) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын так аныктоо.

 

4-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын статистиканын, улуттук коопсуздуктун, прокуратуранын аймактык органдары жана соттор менен өз ара мамилелери

 

Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын статистиканын, улуттук коопсуздуктун, прокуратуранын аймактык органдары жана соттор менен өз ара мамилелери ушул органдар жөнүндө мыйзамдарга жана алардын негизинде кабыл алынуучу Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык жүргүзүлөт.

 

5-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелери

 

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрация өз ишин мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди башкарууга катышууга жарандардын конституциялык укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү аркылуу тиешелүү аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракетте жүзөгө ашырат.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдарга, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларына ылайык келбеген чечимдерди кабыл алган учурда, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы кетирилген укук бузууларды четтетүү тууралуу сунуштаманы мындай чечимди кабыл алган тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына киргизет, ал бир айлык мөөнөттө каралып, чечим чыгарылууга тийиш. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын сунуштамасы канааттандырылбаган учурда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бул чечимине сотко даттанат.

 

2-глава. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын түзүмү жана ишинин уюштуруучулук негиздери

 

6-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын түзүмү жана штаты

 

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын типтүү түзүмү жана штаттык санынын чеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация юридикалык жактын статусуна ээ жана ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылары менен анын компетенциясына киргизилген маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.

 

7-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын компетенциясы

 

Жергиликтүү мамлекеттик администрация тиешелүү райондун аймагында:

1) аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат;

2) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (мындан ары - Конституция), мыйзамдардын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларынын аткарылышын камсыз кылат;

3) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын катышуусу менен социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын иштеп чыгат жана коллегиянын жактыруусуна киргизет, аны аткарууну уюштурат жана Министрлер Кабинетине отчет берет;

4) мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;

5) жарандардын укуктарынын сакталышын, анын ичинде балдардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылат;

6) бюджеттик-финансылык, баа, тарифтик, инвестициялык, тышкы экономикалык, салыктык саясаттын аткарылышын камсыз кылат;

7) монополияга каршы жана атаандаштык боюнча бирдиктүү саясаттын жүргүзүлүшүн камсыз кылат;

8) социалдык-экономикалык чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын, жаштар саясатынын, маданият, көркөм өнөр, туризм, спорт, илим, интеллектуалдык менчик, билим берүү, саламаттык сактоо, эмгек, ишке орноштуруу жана миграция, этностор аралык мамилелер, балдарды коргоо жана гендердик теңчилик, социалдык камсыз кылуу, жаратылышты коргоо, экологиялык коопсуздук жана жаратылышты пайдалануу, жер ресурстарын башкаруу, архитектура, шаар куруу жана курулуш иши, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатындагы саясаттын жүргүзүлүшүн камсыз кылат;

9) өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин аткарылышын камсыз кылат;

10) менчиктин бардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн бирдей шарттарын камсыз кылуу жана аларды коргоо боюнча чараларды көрөт;

11) улуттук жана жалпы мамлекеттик программаларды ишке ашырууну камсыз кылат;

12) статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарын жана аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарын кошпогондо, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, ошондой эле аларга өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар жагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын отчетторун угат;

13) консультациялык-кеңешүүчү органдарды түзөт;

14) эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзөт;

15) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын Ардак грамотасын жана башка сыйлыктарын уюштурат, алар менен сыйлоонун негиздерин жана тартибин аныктайт;

16) жарандык коом жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;

17) аймакты өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат, мыйзамдарда белгиленген компетенциянын алкагында тиешелүү келишимдерди түзөт;

18) укук коргоо органдарынын ишин координациялайт;

19) өзгөчө кырдаалдардын, табигый кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды координациялайт жана жүзөгө ашырат, ошондой эле тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары жайылган учурда Кыргыз Республикасынын ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте карантинди жана чектөөчү иш-чараларды белгилейт;

20) этностор аралык жаңжалдардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

21) мыйзамдарда белгиленген тартипте өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууда аймактык шайлоо комиссияларына уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан көмөк көрсөтөт;

22) жер мыйзамдарына ылайык жерлерди бир категориядан башкасына которот;

23) мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2024-жылдын 16-январындагы № 17, 2024-жылдын 29-июлундагы № 150, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152  Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

8-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы

 

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишин бир жетекчилик принцибинде жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы (мындан ары - аким) жетектейт.

2. Аким кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Президенти аныктаган тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

3. Акимдин кызмат орду саясий кызмат болуп эсептелет. Аким тиешелүү аймакта башкы мамлекеттик кызмат адамы болуп саналат.

4. Аким аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн Президенттин жана Министрлер Кабинетинин алдында жеке жоопкерчилик тартат.

(КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

9-берене. Акимдин кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар жана чектөөлөр

 

1. Акимдин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 7 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 10 жылдан кем эмес иш стажы бар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 7 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.

2. Төмөнкүдөй адам аким боло албайт:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болбогон;

2) башка мамлекеттин жарандыгы бар;

3) тиешелүү райондо туулган;

4) ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келбеген;

5) соттун чечими менен ишке жөндөмсүз же иш жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же болбосо соттун чечими менен мамлекеттик кызматкер катары иш жүргүзүүгө же мамлекеттик кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган;

6) ушул бөлүктүн 61-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар;

61) соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;

62) ага карата ушул бөлүктүн 61-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган.