Документке
Мурунку23.01.2025

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2021-жылдын 27-октябры № 125

 

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4, 2022-жылдын 6-июну № 41, 2023-жылдын 25-январындагы № 14, 2023-жылдын 19-октябрындагы № 190 , 2024-жылдын 7-февралындагы № 39, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2024-жылдын 30-июлундагы № 156, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209, 2025-жылдын 23-январындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1-берене. Жөнгө салуу предмети

 1. Ушул Мыйзам мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн; бош кызмат ордуна дайындоонун; ротациялоонун; кызматтык иликтөө жүргүзүүнүн; мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат менен байланышкан чектөөлөрдүн тартибин; кызматчылардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин; социалдык коргоонун кепилдиктерин; кызматты токтотуунун тартибин аныктайт.

2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга жайылтылат.

3. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, кызматчыларга эмгек жана социалдык коргоо жөнүндө мыйзамдардын колдонулушу жайылтылат.

4. Аскердик, укук коргоо жана дипломатиялык кызматтарда административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылардын иши ушул Мыйзам менен алардын кесиптик иштери атайын мыйзамдар менен жөнгө салынбаган өлчөмдө жөнгө салынат.

5. Ушул Мыйзамдын колдонулушу, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кошпогондо, саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга да алардын иши алардын статусун регламенттеген мыйзамдар менен жөнгө салынбаган өлчөмдө жайылтылат.

Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата ушул Мыйзамда каралган ченемдерди колдонуу тартиби жана өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.

6. Административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга карата башка мыйзамдар ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган өлчөмдө колдонулат.

7. Ушул Мыйзамды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш, аны жүргүзүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) аныктайт.

Жаңы18.04.2025

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2021-жылдын 27-октябры № 125

 

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө

 

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Жөнгө салуу предмети