Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 15-ноябры № 139
Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө
(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам соттук өз алдынча башкаруунун жалпы түшүнүктөрүн жана принциптерин аныктайт, судьялар коомдоштугунун жана соттук өз алдынча башкаруу органдарынын иш тартибин, аны уюштурууну жана укуктук статусун белгилейт.
2. Соттук өз алдынча башкаруу органдарынын уюштурулушу, компетенциясы жана иш тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, конституциялык мыйзамдар, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери менен аныкталат.
3. Эгерде ушул мыйзамда башкача каралбаса, ушул мыйзам менен жөнгө салууга кирген маселелерди башка мыйзамга киргизүүгө жол берилбейт.
2- берене. Соттук өз алдынча башкаруу
1. Соттук өз алдынча башкаруу - соттук өз алдынча башкаруу органдары аркылуу сот бийлигинин саясатын түзүү жана милдеттерин ишке ашыруу аркылуу судьялар коомдоштугунун мүчөлөрүн уюштуруу ыкмасы.
2. Соттук өз алдынча башкаруу сот бийлигинин көз карандысыздыгы, коллегиялуулук, судьялардын статусунун бирдиктүүлүгү, ачык-айкындуулук, ушул Мыйзам жана соттук өз алдынча башкаруу органдары белгилеген милдеттерди ишке ашырууда судьялар коомдоштугунун уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерин сот бийлиги тарабынан өз алдынча жана натыйжалуу жүзөгө ашыруу принциптерине негизделет.
3-берене. Судьялар коомдоштугу
1. Судьялар коомдоштугу Кыргыз Республикасынын бардык судьяларынан турат. Судьялар алар судьянын антын берген учурдан тартып жана отставкага кетүүгө байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулган учурду кошпогондо, судьянын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим күчүнө кирген учурга чейин судьялар коомдоштугунун мүчөлөрү болуп саналат.
2. Отставкада жүргөн судья өзүнүн судьялар коомдоштугуна таандыктыгын сактап калат жана анын макулдугу менен отставка токтотулганга чейин судьялар коомдоштугунун органдарындагы ишке тартылышы мүмкүн.
4-берене. Соттук өз алдынча башкаруу органдары
1. Соттук өз алдынча башкаруу органдары сот бийлигин жүргүзүүчү катары судьялардын кызыкчылыктарын билдирүү жана коргоо үчүн ушул Мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде иш-милдеттерин жүзөгө ашырат.
2. Төменкүлөр соттук өз алдынча башкаруу органдары болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайы (мындан ары - судьялардын курултайы);