Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 15-ноябры № 133
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө
(КР 2023-жылдын 3-октябрындагы № 184, 2025-жылдын 9-августундагы № 194 конституциялык Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
I БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН СТАТУСУ ЖАНА АНЫН ИШИН УЮШТУРУУ
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту
1. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту (мындан ары - Конституциялык сот) конституциялык сот өндүрүшү аркылуу конституциялык контролду жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат.
2. Конституциялык сот бардык башка ачык бийликке көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары - Конституция) гана баш иет.
3. Конституциялык сот Конституциянын үстөмдүгүн жана түз таасирин, конституциялык түзүлүштүн негиздеринин туруктуулугун, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин камсыз кылат.
2-берене. Конституциялык соттун ишинин негизги принциптери
Көз карандысыздык, коллегиялуулук, ачык-айкындык, атаандаштык жана тараптардын тең укуктуулугу Конституциялык соттун ишинин негизги принциптери болуп саналат.
3-берене. Конституциялык сот жөнүндө мыйзамдар
1. Конституциялык сотту уюштуруу, анын компетенциясы, курамы, түзүлүшү, төрагасын, төраганын орун басарын дайындоо жана бошотуу тартиби Конституция жана ушул конституциялык Мыйзам менен аныкталат.
2. Конституциялык соттун компетенциясына кирген маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу Конституцияда, ушул конституциялык Мыйзамда жана Конституциялык соттун регламентинде (мындан ары - Регламент) белгиленген конституциялык сот өндүрүшүнүн тартибинде жүзөгө ашырылат.
3. Конституциялык соттун судьяларынын статусу, көз карандысыздыгынын кепилдиктери, жоопкерчиликке тартуу, кызмат ордунан четтетүү жана бошотуу тартиби конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар менен аныкталат.
4-берене. Конституциялык соттун ыйгарым укуктары
1. Конституциялык сот:
1) Конституцияны расмий чечмелеп берет;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын Конституцияга ылайык келүүсү тууралуу иштерди чечет;
3) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берет;
4) мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы компетенциялар жөнүндө талаштарды чечет;
5) Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө мыйзам долбооруна корутунду берет;
6) Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент) каршы айып коюунун белгиленген тартибинин сакталгандыгы жөнүндө корутунду берет.
2. Конституциялык сот өзүнүн ички иштеринин маселелери боюнча Регламент кабыл алат, Конституциялык соттун аппараты жөнүндө жобону, чыгымдардын сметасынын чектеринде анын түзүмүн жана штаттык санын бекитет.
3. Конституциялык сот жыл сайын өзү кабыл алган актылардын аткарылышына талдоо жүргүзөт жана жалпыга маалымдоо үчүн жарыялайт.
2-глава. Конституциялык соттун курамы жана анын ишин уюштуруу
5-берене. Конституциялык соттун курамы
1. Конституциялык сот тогуз судьядан: Конституциялык соттун төрагасынан, төраганын орун басарынан жана жети судьядан турат.
2. Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 15 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны Конституциялык соттун судьясы боло алат.
Конституциялык соттун судьялары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен курагынын чегине жеткенге чейин шайланат.
(КР 2025-жылдын 9-августундагы № 194 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 15-ноябры № 133
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө
(КР 2023-жылдын 3-октябрындагы № 184, 2025-жылдын 9-августундагы № 194, 2026-жылдын 22-июлундагы № 118 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН СТАТУСУ ЖАНА АНЫН ИШИН УЮШТУРУУ
1-глава. Жалпы жоболор