Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Көңүл буруңуздар!

КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2021-жылдын 10-декабры № 151

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-берене.

(КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)

2-берене.

"Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 158-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 21-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"СПАнын киреше булактары болуп төмөнкүлөр саналат:

- СПАнын мүчөлөрүнүн төгүмдөрү;

- СПАнын мүчөлөрүнөн ирригациялык кызмат көрсөтүлөр үчүн акы;

- ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн СПА мүчөлөрү болуп саналбаган жактардан алынган акы;

- банк эсептериндеги пайыздар;

- калкка акы төлөтүү менен СПА тарабынан кошумча кызмат көрсөтүүлөр;