Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 22-декабры № 154
Электрондук соода жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июнундагы № 128, 2025-жылдын 19-майындагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу электрондук соода чөйрөсүндөгү жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы коомдук мамилелерди жөнгө салат, электрондук соодадагы иштин укуктук негизин белгилейт.
2. Ушул Мыйзам интеллектуалдык менчик объекттерине өзгөчө укуктарды кошуп алганда, товарларды жана/же жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу, сатып алуу жана алмашуу боюнча электрондук бүтүмдөрдү жол-жоболоодо жана жасоодо талаптарды белгилейт.
3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) нотариалдык күбөлөндүрүүгө жана/же мамлекеттик каттоого жаткан бүтүмдөргө;
2) адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу, өмүрүн жана ден соолугун сактоо, жаратылышты жана маданий баалуулуктарды коргоо боюнча чектөөлөр киргизилген товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө;
3) мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү жол-жоболоруна.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июнундагы № 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Электрондук соода жөнүндө мыйзамдар
Электрондук соода чөйрөсүндөгү мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине негизделет жана ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
1. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка тармактарынын институттары, терминдери жана аныктамалары, эгерде ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, алар мыйзамдардын бул тармактарында кандай мааниде пайдаланылса, ошол эле маанисинде колдонулат.
2. Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги терминдер, түшүнүктөр жана аныктамалар пайдаланылат:
1) верификациялоо - белгиленген талаптардын аткарылганынын объективдүү күбөлөндүрмөсүн берүүнүн негизиндеги ырастоо;
2) глобалдык Интернет желеси (мындан ары - Интернет желеси) - Интернет-протоколду (Internet Protocol-IP) жана маалыматтарды берүү протоколун (Transmission Control Protokol-TCP) пайдаланууга негизделген глобалдык даректик мейкиндик аркылуу ар кыл өлкөлөрдүн маалыматтык тутумдарын жана электр байланыш тарамдарын бириктирген глобалдык маалыматтык-телекоммуникациялык тарам;
3) электрондук документтерди коргоо - жеке мүнөздөгү маалыматтарды жана/же коммерциялык сырды кошуп алганда, электрондук билдирүүдө же документте камтылган жана мындай маалыматка санкцияланбаган жетүүнү жокко чыгаруучу, электрондук документтерди коргоо, электрондук маалыматтардын бүтүндүгүн, купуялуулугун жана аныктыгын коргоо;
4) интернет-дүкөн - товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) сыпаттамасы, анын наркы, бүтүмдү аткаруу шарттары, төлөө жана жеткирүү жолдору менен керектөөчүнүн таанышуусунун негизинде Интернет желесинде керектөөчү менен электрондук бүтүм түзүүгө мүмкүндүк берүүчү маалымат ресурсу;
5) интернет-ресурс - Интернет желесинде жарыялоо үчүн арналган жана аны Интернет желесинде идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү уникалдуу дарекке ээ техникалык жана программалык-аппараттык мүнөздөгү интеграцияланган каражаттардын жыйындысы (сайт (веб-сайт), блог, веб-канал, веб-ресурс, веб-сервис, веб-тиркемелер);
6) соода платформасынын оператору - соода платформасынын менчик ээси жана/же башкаруучусу болуп саналган, ар кандай милдеттерди аткарууну жана/же электрондук бүтүмдүн катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылган юридикалык же жеке жак;
7) электрондук соодадагы ортомчу (мындан ары - ортомчу) - электрондук бүтүмдөрдү жасоодо коштоочу кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жак;
8) электрондук соодадагы сатуучу (мындан ары - сатуучу) - маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, Интернет желесин пайдалануу менен ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу, товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуучу юридикалык же жеке жак;
9) смарт-контракт - программалык код аркылуу жүзөгө ашырылуучу, бүтүмдөрдү автоматтык түрдө жасоо жана/же аткаруу үчүн арналган жарандык-укуктук бүтүм;
10) соода платформасы - Интернет желеси аркылуу товарларды жана/же жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну камсыз кылуучу программалык жана техникалык каражаттардын жыйындысы;
11) электрондук документ - электрондук формада, башкача айтканда электрондук эсептөө машиналарын пайдалануу менен адамдын кабыл алуусу үчүн жарактуу түрдө берилген документтештирилген маалымат;
12) документтин электрондук түрү - кагаз алып жүрүүчүдөгү документтин сканирленген же фотографиялык түрүн көрсөткөн, техникалык каражаттардын жардамы менен кагаз алып жүрүүчүдөн сканирленген документтин мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизүүсүз, бирдиктүү бүтүндүк катары электрондук формага кайра келтирген электрондук формадагы маалымат;
13) электрондук соода - маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, Интернет желесин пайдалануу менен товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча экономикалык иштин түрү. Аталган иш өзүнө электрондук түрдө келишимдерди түзүүнү, электрондук төлөмдөрдү жүргүзүүнү, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону жана келишимдик милдеттенмелерди аткарууну камтыйт;
14) электрондук бүтүм - маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлүүчү электрондук сооданын катышуучуларынын ортосундагы жарандык-укуктук бүтүм;
15) электрондук билдирүү - маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу берилген же алынган маалымат;
16) электрондук формадагы жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр (мындан ары - кызмат көрсөтүүлөр) - Интернет желеси аркылуу маалыматтык-телекоммуникациялык технологиялар аркылуу аткарылуучу жана көрсөтүлүүчү жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр;
17) электрондук сооданын катышуучулары - электрондук соодада сатуучу, соода платформасынын оператору, сатып алуучу жана ортомчу болуп саналган электрондук бүтүмдүн тараптары;
18) электрондук бүтүмдөгү келишимдик укуктук мамилелер - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте сатуучу менен сатып алуучунун ортосундагы келишимди түзүү же бузуу аркылуу келип чыгуучу жарандык-укуктук мамилелер.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июнундагы № 128, 2025-жылдын 19-майындагы 98 Мыйзамыдарынын редакциясына ылайык)
4-берене. Электрондук сооданын принциптери
Электрондук соода төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) экономикалык иштин катышуучуларынын мыйзамдуу укуктарын жана милдеттерин камсыз кылуу;
2) электрондук бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруунун мыйзамдуулугу;
3) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо;
4) электрондук документтерди түзүү жана кол коюу ыкмасына карабастан, алардын юридикалык күчүн таануу;
5) электрондук бүтүмдүн катышуучуларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын соттук коргоо кепилдиги;
6) келишим түзүү эркиндиги.
2-глава. Электрондук сооданын катышуучуларынын укуктары жана милдеттери
5-берене. Сатуучу
1. Сатуучу электрондук бүтүмгө катышуу жана керектөөчүлөрдүн укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) төмөнкүлөрдү камтыган толук, так, түшүнүктүү, шайкеш жана анык маалыматты же маалыматка шилтемени өзүнүн интернет-ресурсунун башкы бетине жайгаштырууга жана/же соода платформасынын операторуна берүүгө:
а) сатуучунун толук аталышын;
б) мамлекеттик жана/же салыктык каттоо жөнүндө маалыматтарды, юридикалык жана иш жүзүндөгү дарегин, байланышуу маалыматтарын (электрондук дарегин, телефон номерин);
в) купуялуулук саясатын сактоо боюнча чараларды;
г) идентификациялык салык номерин;
д) эгер товар же кызмат көрсөтүү лицензияланууга тийиш болгон учурда, лицензиянын электрондук түрүн;
е) эгер товар же кызмат көрсөтүү сертификатталууга же ылайыктуулугу декларацияланууга тийиш болгон учурда, товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо жөнүндө күбөлүктүн, ылайыктуулугун ырастоо жөнүндө документтердин, сыноолордун протоколдорунун электрондук түрүн;
ж) төлөм реквизиттерин, товар жана/же кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөнүн тартибин;
3) электрондук бүтүмдү тариздөө тартибин жана төмөнкү маалыматтарды камтыган анын шарттарын:
- товарды (жумушту, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууда керектөөчү тарабынан төлөнүүгө тийиш болгон толук сумманы;
- товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) мүнөзү бааны алдын ала аныктоого мүмкүндүк бербеген учурда, бааны аныктоо ыкмасын жана бардык сумманы төлөө графигин;
- товарды жеткирүү ыкмаларын жана мөөнөттөрүн;
- наркын жана төлөө шарттарын;
- ташуу, түшүрүү, жеткирүү үчүн чыгымдарды, ошондой эле почта жыйымдарын жана башка чыгымдарга төлөөнүн зарылдыгын же төлөбөй коюу мүмкүнчүлүгүн;
- керектөөчү менен белгисиз мөөнөткө бүтүм түзүүдө же керектөөчү менен абоненттик төлөмдү (жазылууну) алууну караган бүтүм түзүүдө төлөө мезгилиндеги чыгымдардын жыйындысын камтыган жалпы наркты;
и) товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) кепилдик мөөнөттөрү жана сервистик тейлөөсү (зарыл болгон учурда) жөнүндө маалыматтарды;
к) электрондук бүтүмдөрдү тариздөө жана жасоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды;
2) керектөөчүлөрдүн товар же кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде алардын аталышы, мүнөздөмөлөрү, касиеттери, түзүүчү материалдар, жаратылышы, келип чыгышы, даярдоо ыкмасы, колдонуу методдору, сапаты, саны жөнүндө маалыматты жана башка зарыл болгон маалыматтарды алуу укугун камсыз кылууга;
3) сатуулардын көлөмүнө жана санына карата жалган маалыматты, жалган оң пикирлерди жана бааларды берүүлөрдөн качууга;
4) тапшырыкка баштапкы калган абалында тандоо катарында коштоочу товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө жол бербөөгө;
5) алдын ала төлөөнүн ордун толтуруу боюнча кошумча шарттарсыз товар жана/же кызмат көрсөтүүлөр үчүн алдын ала төлөөнү кайтарып берүү ыкмаларын, жол-жобосун жана мөөнөттөрүн көрсөтүүгө;
6) сатып алуучунун товардан баш тартуу ыкмаларын, жол-жобосун жана мөөнөттөрүн көрсөтүүгө;
7) келишимде белгиленген мөөнөттө алдын ала төлөмдүн кайтарып берилишин камсыз кылууга;
8) сатып алуучуга товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү макулдашылган ыкмада жана макулдашылган убакытта жеткирилишин камсыз кылууга;
9) эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, товарларды жеткирүүнү же кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылуу менен байланышкан тобокелдиктерди өзүнө алууга;
10) сатып алуучуга товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүнүн, төлөөнүн мүмкүн болгон ыкмаларын сунуштоого;
11) эгерде сатып алуучу тандап алган жеткирүү же төлөө ыкмасы жүзөгө ашырылышы мүмкүн болбосо, ага кабарлоого;
12) электрондук бүтүмдү жасоодо алынган жеке жана коммерциялык мүнөздөгү маалыматтарды издөө, оңдоо, алып салуу үчүн мүмкүнчүлүк берүүгө;
13) электрондук бүтүмдү жасоодо алынган жеке жана коммерциялык мүнөздөгү маалыматтарды издөө, өзгөртүү жана алып салуу үчүн ыкмалар, жол-жоболор жөнүндө маалымат берүүгө;
14) ар-намыска, кадыр-баркка жана ишкердик беделге шек келтиргендерди кошпогондо, интернет-ресурста сунушталган товарлар же кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө комментарийлердин жана пикирлердин сакталышын камсыз кылууга;
15) интеллектуалдык менчик объектилерине болгон укуктарды бузуу жөнүндө кабарлоо берүүнүн техникалык мүмкүндүгүн камсыз кылууга;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда ыйгарым укуктуу органдын жазуу жүзүндөгү суроо-талабынын негизинде документтерди жана маалыматтарды берүүнү камсыз кылууга;
17) өзүнүн интернет-ресурсу болгондо, анын башкы бетине өзүнүн экономикалык ишин токтоткондугу жөнүндө маалыматты мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 календардык күндөн кеч эмес убакытта жайгаштырууга;
18) электрондук бүтүмдүн катышуучуларынын талабы боюнча келишимдерди жана операциялардын тарыхын берүүгө;
19) купуялык саясатты жүргүзүүгө жана ал жөнүндө керектөөчүгө өз убагында маалымдоого;
20) төлөмдөргө байланыштуу тобокелдиктерге, анын ичинде жеке маалыматтарга санкцияланбаган жетүүнүн же аларды пайдалануунун натыйжасында келип чыгуучу тобокелдиктерге, ошондой эле жеке маалыматтарды уурдоого жана алдамчылыкка байланыштуу тобокелдиктерге жараша коопсуздук чараларын көрүүгө;
21) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык иш жүргүзүүгө;
22) бүтүмдүн кандай болбосун этабында керектөөчүнүн электрондук бүтүм жөнүндө маалыматка жетүүсүн камсыздоого;
23) керектөөчүлөрдүн өз укуктарын, анын ичинде товардан же кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу, электрондук бүтүмдү өзгөртүү жана токтотуу, сатуудан кийинки тейлөө, кайтарып берүү, алмашуу жана кепилдиктерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого;
24) керектөөчүгө даттанууну берүү датасы жана убактысы жөнүндө маалыматты берүүчү керектөөчүлөрдүн даттанууларын кароо механизминин иштөөсүн, ошондой эле аны андан ары көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн камсыздоого;
25) керектөөчү мурда жазылган жарнамалык таратуулардан чыгуусуна мүмкүнчүлүк берүүгө.
2. Соода платформасы аркылуу ишин жүзөгө ашыруучу сатуучу ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматты соода платформасынын операторуна берүүгө милдеттүү.
3. Керектөөчүнүн даттануусун кароо мөөнөтү 10 календардык күндөн ашпоого тийиш.
4. Анык эмес маалымат бергендиги үчүн сатуучу ушул Мыйзамда жана/же жарандык мыйзамдарга ылайык керектөөчү менен түзүлгөн электрондук бүтүмдүн шарттарында каралган жоопкерчиликти тартат.