Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр 2028-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-беренесинин 3-пунктунун «х»пунктчасын, 8-пунктунун «г» пунктчасын, 11-пунктунун төртүнчү жана он жетинчи абзацтарын кошпогондо, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 14-апрели № 27
Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2023-жылдын 7-августундагы № 165, 2024-жылдын 28-июнундагы № 110, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126, 2025-жылдын 10-июлундагы № 137, 2026-жылдын 29-январындагы № 10, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү, максаттары жана принциптери
1. Ушул бөлүктүн экинчи абзацын кошпогондо, ушул Мыйзам мамлекеттик сатып алуулардын жалпы укуктук жана экономикалык принциптерин белгилейт жана белгиленген максаттарга ылайык мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун тартибин жөнгө салат.
Ушул Мыйзамдын ченемдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.".
2. Ушул Мыйзамдын максаты сатып алуучу уюмдардын ишинин иштешин камсыз кылууга байланышкан мамилелерди жөнгө салуу аркылуу мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алууларын ишке ашыруу төмөнкү принциптерге негизделет:
1) мамлекеттик сатып алуулардын бирдиктүү тутумун түзүү жана ага коомчулуктун ишенимин калыптандыруу аркылуу мамлекеттик сатып алуулар процессин оптималдаштыруу;
2) мамлекеттик сатып алуулардын катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо;
3) мамлекеттик сатып алууларды, жүзөгө ашырууда ачыктык, калыстык, айкындуулук жана ачык-айрымдуулук;
4) инновациялык жана жогорку технологиялык товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
5) коррупциялык укук бузууларга жана кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө;
6) туруктуу мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү.