Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2022-жылдын 06-июну № 41

«Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алыиышына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(КР  2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1- берене

 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I белүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

218-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү төмөнкүлөр аркылуу үзгүлтүккө учурайт:

1) белгиленген тартипте доо коюу;

2) милдеттүү адамдын карызды же башка милдеттенмелерди таануусун күбөлөндүрүүчү аракеттерди жасашы;

3) медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык соттон тышкаркы тартипте, медиация аркылуу талаш-тартышты жөнгө салууга тараптардын өз ара макулдугу.».

 

2- берене

 

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

21-статья төмөнкудөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын

«Жашы жете элек жалпы балдары жок, эмгекке жарамдуу жана аракетке жөндөмдүү жубайлар медиация чөйрөсүндөгү мыизамдарга ылайык медиация жол-жоболорун жүргүзүү  аркылуу  алардын  жалпы  мүлкүн  бөлүү  жөнүндө талаш-тартыштарды өз ара макулдашуу менен чечүүгө укуктуу.».

 

3- берене

(КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

4- берене

 

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» газетасы, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

15-берененин 1 -бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:

«17) медиатор катары иш жүргүзүүгө.».

 

5- берене

 

«Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 711 -ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

25-берененин 2-бөлүгүндө:

а) 2-пунктунун «в» пунктчасы «тергөөчү,» деген сөздөн кийин «медиатор,» деген сөз менен толукталсын;

б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

«6) эгерде ал ушул иш боюнча медиация тараптарынын бирине юридикалык жардам көрсөтүп жатса же мурда көрсөткөн болсо, медиатор катары чыгууга.».

 

6- берене

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он куң өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 10-июнундагы № 51 санында жарыяланган

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

2022-жылдын 21-апрелинде