КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 30-июну № 49
Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августундагы № 174, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 164 , 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 , 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 38
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам мамлекеттин, энергиянын кайра жаралуучу булактарын, өндүрүү үчүн жабдууларды, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен орнотмолорду өндүрүүчүлөрдүн, берүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн мамилелерин жөнгө салуунун укуктук, уюштуруу, экономикалык жана финансылык негиздерин, механизмдерин белгилейт.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана пайдалануу, энергетикалык түзүмдү өркүндөтүү, энергетикалык ресурстарды диверсификациялоо, калктын социалдык абалын жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун, айлана-чөйрөнү коргоону жана экономиканын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу ушул Мыйзамдын максаттары болуп саналат.
2-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу объекттери
1. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу объекттери Кыргыз Республикасынын аймагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен жылуулук, электр энергиясын жана отунду өндүрүү, керектөө жана сатуу, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы жабдууларды жана технологияларды өндүрүү жана берүү болуп саналат.
2. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) биомасса - байкоо жүргүзүү учурунда биогеоценоздо болгон өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын организмдеринин жыйынды массасы;
2) кайра жаралуучу энергия - энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу жолу менен, анын ичинде кайра жаралуучу отундан алынган экологиялык таза энергия;
3) энергиянын кайра жаралуучу булактары - энергиянын үзгүлтүксүз кайра жаралуучу түрлөрүнүн булактары:
а) күндүн энергиясы, Жердин энергиясы, вакуумдун энергиясы, шамалдын энергиясы, суунун энергиясы;