КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 5-июлу № 57
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө
(КР 2025-жылдын 28-июлундагы № 165 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Улуттук коопсуздук органдары жана алардын негизги милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары (мындан ары - улуттук коопсуздук органдары) - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук тутумунун аскердик түзүлүштөрү жана курамдык бөлүгү болуп саналган жана аларга берилген атайын ыйгарым укуктардын чегинде ички жана тышкы коркунучтардан Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары.
2. Улуттук коопсуздук органдарынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо;
2) чалгындоо жана контрчалгындоо ишин уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
3) террористтик, экстремисттик жана сепаратисттик ишти, уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны, баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын прекурсорлорунун жана аналогдорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында улуттук коопсуздук органдарынын карамагына киргизилген башка кылмыштарды алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү;
4) алар туруктуу жана убактылуу турган жерлерде мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу;
5) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу;
6) мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу;
7) мамлекеттик органдарды жана башка уюмдарды атайын (шифрленген, өкмөттүк, жашыруун) байланыш менен камсыз кылуу, белгиленген компетенциянын чегинде Кыргыз Республикасында жана анын аймагынан тышкары жерде турган Кыргыз Республикасынын уюмдарында атайын байланыштын шифрленген жана башка түрлөрүнүн криптографиялык жана инженердик-техникалык коопсуздугун уюштуруу жана камсыз кылуу, бул ишке мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруу.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган милдеттерди чечүү үчүн улуттук коопсуздук органдарын тартууга тыюу салынат.
2-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын ишинин укуктук негизи
Улуттук коопсуздук органдарынын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана ушул Мыйзамга каршы келбеген жана аны менен жөнгө салынбаган бөлүгүндөгү башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
3-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын ишинин принциптери