Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 5-июлу № 57
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 165, 2025-жылдын 6-августундагы № 189, 2025-жылдын 9-августундагы № 195, 2025-жылдын 28-октябрындагы № 240, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Улуттук коопсуздук органдары
3-глава. Улуттук коопсуздук органдарынын ишинин негизги багыттары
4-глава. Улуттук коопсуздук органдарынын ыйгарым укуктары
5-глава. Улуттук коопсуздук органдарынын күчтөрү жана каражаттары
6-глава. Кызматкерлердин кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуусунун тартиби жана шарттары
7-глава. Улуттук коопсуздук органдарынын ишин контролдоо жана көзөмөлгө алуу
8-глава. Корутунду жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Улуттук коопсуздук органдары жана алардын негизги милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары (мындан ары - улуттук коопсуздук органдары) - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук тутумунун аскердик түзүлүштөрү жана курамдык бөлүгү болуп саналган жана аларга берилген атайын ыйгарым укуктардын чегинде ички жана тышкы коркунучтардан Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары.
2. Улуттук коопсуздук органдарынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо;
2) чалгындоо жана контрчалгындоо ишин уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
3) террористтик, экстремисттик жана сепаратисттик ишти, уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны, баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын прекурсорлорунун жана аналогдорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында улуттук коопсуздук органдарынын карамагына киргизилген башка кылмыштарды алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү;