Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 12-апрели № 62
"Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 712-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты
1. Ушул Мыйзамдын максаты - биометрикалык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана пайдалануу тартибин укуктук регламенттештирүү болуп саналат.
2. Биометрикалык маалыматтарды чогултуунун, иштеп чыгуунун, сактоонун жана пайдалануунун максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) укук бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик колдонуу;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү, алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү;
3) инсанды идентификациялоо жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү.";
2) 6-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Биометрикалык маалыматтар базасында камтылган биометрикалык маалыматтарды коргоо ушул Мыйзамга, жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү, электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.