Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 5-августу № 87
Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө
(КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндө келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуунун укуктук негиздерин белгилейт, анын ичинде:
1) баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүнүн негизги түшүнүктөрүн жана шарттарын аныктайт;
2) баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун жана контролдоонун укуктук негиздерин белгилейт;
3) Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондун түзүү негиздерин аныктайт.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) жер казынасы жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамилелерге;
2) банк мыйзамдары менен жөнгө салынуучу мамилелерге;
3) жеке пайдалануусу үчүн жеке жактардын менчигинде турган зергердик жана баалуу металлдардан жасалган башка буюмдар менен болгон бүтүмдөрдү жеке ишкер болуп эсептелбеген жеке жактардын түзүүсү менен байланышкан мамилелерге.
2-берене. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар
1. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого милдеттүү.
3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат: