Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Көңүл буруңуздар!  КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 Мыйзамы менен киргизилген өзгөтүүлөр,  2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2022-жылдын 11-августу № 93

Банктар жана банк иштери жөнүндө

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 22-июлундагы № 132, 2025-жылдын 27-январындагы № 28, 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 84 , 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 , 2025-жылдын 28-майындагы № 107 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети

1. Ушул Мыйзам банктык ишти жүзөгө ашыруу маселелерин, банктарды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу тартибин, банктык сырды түзгөн маалыматты колдонуу тартибин жөнгө салат.

2. Банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактардын иши, эгерде "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында жана ушул Мыйзамда башкача каралбаса, мыйзамдар жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөндөлөт.

2-берене. Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдары

1. Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдары - Кыргыз Республикасындагы банктык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тутуму.

2. Кыргыз Республикасынын кодекстеринин жана мыйзамдарынын ченемдери банктык укуктук мамилелерге карата "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында жана ушул Мыйзамда жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат.

3. Ушул Мыйзамдын ченемдери менен Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдеринин ортосунда коллизия болгон учурда Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдери колдонулат. Ушул Мыйзамдын ченемдери менен Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын ченемдеринин ортосунда коллизия болгон учурда банктык укуктук мамилелерди жөнгө салуу үчүн ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.

4. Банктык укуктук мамилелерди козгогон Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору милдеттүү түрдө Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш.

3-берене. Банктык укуктук мамилелердин негизги принциптери