Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 23-декабры № 123
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 54-статьянын экинчи бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) иш аткарыла турган жумуш орду. Аралыктан иштөөдө иш аткарыла турган жумуш орду көрсөтүлбөйт;";
2) 58-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Эмгек келишими электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук документ түрүндө түзүлүшү мүмкүн (электрондук эмгек келишими).";
3) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 321-глава менен толукталсын:
"321-глава. Аралыктан иштөөнү аткарган кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү
3601-статья. Аралыктан иштөө
Иш функциясын аткаруу жана аны аткаруу менен байланышкан маселелер боюнча иш берүүчү менен кызматкердин ортосунда өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу үчүн маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды колдонуу шартында иш берүүчү жайгашкан жерден тышкары жерде эмгек келишиминде аныкталган иш функциясын аткаруу аралыктан иштөө болуп саналат.
Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкерлерге ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен эмгек жөнүндө мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын күчү жайылтылат.
Иш берүүчүнүн жана аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкердин ортосундагы иштөө шарттары эмгек келишиминде аныкталат.