Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 9-марты № 54
Нотариат жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 11-июнундагы № 92, 2024-жылдын 26-июнундагы № 103, 2025-жылдын 4-июнундагы № 111, 2025-жылдын 30-июлундагы № 171 , 2025-жылдын 9-августундагы № 195 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I БӨЛҮМ.
НОТАРИАТТЫН ИШИНИН УЮШТУРУУ НЕГИЗДЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Нотариат жөнүндө мыйзамдар
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, башка ченемдик укуктук актылар жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер нотариаттын ишинин укуктук негизи болуп саналат.
2-берене. Нотариат
1. Нотариат Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, нотариус тарабынан Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган нотариалдык иш-аракеттерди жасоо жолу менен жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу милдети жүктөлгөн мамлекеттик жана жеке нотариустардын, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын тутумун билдирет.
2. Нотариалдык иш - нотариалдык иш-аракеттерди жасоо, ошондой эле нотариалдык иш-аракеттерди жасоо маселелери боюнча консультацияларды, нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн зарыл маалыматтарды жана документтерди топтоо, мамлекеттик жана башка органдардан, жеке жана юридикалык жактардан юридикалык маанилүү маалыматтарды алуу, нотариалдык документтерди сактоо жана башка иш-аракеттерди жасоо жолу менен зарыл шарттарды түзүү боюнча нотариустун иши.
3. Жеке нотариалдык иш коомдук-укуктук мүнөзгө ээ, ишкердик, экономикалык иш болуп саналбайт жана киреше алуу максатын көздөбөйт.
3-берене. Нотариалдык иш-аракеттер
1. Нотариалдык иш-аракеттер юридикалык мааниге ээ болгон талашсыз фактыларды, укуктук окуяларды ырастоо, документтерди күбөлөндүрүү, документтерге аткаруу күчүн жана юридикалык ишенимдүүлүктү берүү боюнча нотариустун иш-аракетин жана жарандар менен юридикалык жактардын укуктарын, алардын ушул Мыйзамда каралган мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган башка иш-аракеттерди билдирет.
2. Кыргыз Республикасында нотариалдык иш-аракеттерди ушул Мыйзамга ылайык мамлекеттик жана жеке нотариустар жасайт.
3. Калктуу конушта нотариус жок болгон учурларда айрым нотариалдык иш-аракеттерди жасоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет.
4. Башка мамлекеттердин аймактарында нотариалдык иш-аракеттерди Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин бул иш-аракеттерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жүргүзөт.
5. Ушул Мыйзамда каралган нотариалдык иш-аракеттердин тизмеги бүтпөйт. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башка нотариалдык иш-аракеттер каралышы да мүмкүн.