КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 23-марты № 65
Инновациялык иш жөнүндө
(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында инновациялык ишти жүзөгө ашырууда келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги терминдер пайдаланылат:
1) бизнес-ангел - стартаптардын жана инновациялык компаниялардын өнүгүүсүнүн алгачкы баскычтарында аларга өзүнүн өздүк каражаттарын инвестициялоону жүзөгө ашыруучу жана зарыл болгон учурда консультациялык же эксперттик колдоо көрсөтүүчү жеке жак;
2) инновациялык продуктуну жарандык (чарбалык) жүгүртүүгө киргизүү - инновациялык продуктуга мүлктүк укуктардын башка жакка өтүүсү предмети болуп саналуучу кандай болбосун бүтүмдөрдү жасоо же кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрүн көрсөтүү, ошондой эле жеке муктаждыктар үчүн инновациялык продуктуну пайдалануу;
3) венчурдук иш - Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан венчурдук компаниялар жана фонддор, бизнес-ангелдер, жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылуучу инновацияларды коммерциялык ишке ашырууну каржылоо боюнча иш;
4) венчурдук долбоор - каржылоосун Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан венчурдук фонд, венчурдук компаниялар жана фонддор, бизнес-ангелдер, жеке жана юридикалык жактар жүзөгө ашыруучу инновациялык долбоор;
5) инновациялык иш - инновациялык продуктуну түзүүгө жана жарандык (чарбалык) жүгүртүүгө киргизүүгө багытталган жаңылыкты инновацияга өзгөртүп түзүү боюнча иш;
6) инновациялык инфратүзүм - инновациялык ишти материалдык-техникалык, финансылык, уюштуруу-методикалык, маалыматтык, консультациялык жана башка камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу субъекттердин жыйындысы;
7) инновациялык продукт - жаңы же өркүндөтүлгөн продукция, технология, кызмат көрсөтүү, ошондой эле өндүрүштүк, административдик, коммерциялык же башка мүнөздөгү жаңы уюштуруу-техникалык чечим, алар:
а) интеллектуалдык иштин укуктук коргоого жөндөмдүү натыйжаларын пайдалануу менен түзүлөт;
б) рыноктун аныкталган сегментинде көрсөтүлгөн аналогдоруна салыштырмалуу кыйла жогорку техникалык-экономикалык же башка көрсөткүчтөргө ээ болот;
в) атаандаштыкка жөндөмдүү болуп саналат;