Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 31-майы № 114
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 210, 2025-жылдын 10-июлундагы № 138, 2025-жылдын 28-июлундагы № 161, 2026-жылдын 30-мартындагы № 33, 2026-жылдын 21-июлундагы № 115 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Жөнгө салуу предмети
Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы (мындан ары - Эсептөө палатасы) тарабынан Эсептөө палатасынын компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин аткарылышына, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин жана башка ресурстардын пайдаланылышына тышкы мамлекеттик аудитти жүргүзүү процессинде келип чыккан мамилелерди, ошондой эле Эсептөө палатасынын милдеттерин, функцияларын, ыйгарым укуктарын жана ишин уюштурууну жөнгө салат.
Ушул конституциялык Мыйзамдын ченемдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 138 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Эсептөө палатасынын статусу
1. Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте түзүлүүчү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) жана Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент) отчет берүүчү Кыргыз Республикасынын тышкы мамлекеттик аудитинин көз карандысыз жогорку органы болуп саналат.
2. Ушул конституциялык Мыйзамда аныкталган милдеттердин алкагында Эсептөө палатасы уюштуруучулук, функционалдык, финансылык көз карандысыздыкка ээ жана өз ишин өз алдынча жүзөгө ашырат.
21. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы түзүлгөнүнө карабастан, Эсептөө палатасынын аудиторлору алар шайланган бүткүл мөөнөткө өз ыйгарым укуктарын сактап калат.
3. Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик органы болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жана өзүнүн аталышы бар мөөрү, ошондой эле өз символикасы бар.
4. Эсептөө палатасынын туруктуу жайгашкан жери болуп Бишкек шаары саналат.
(КР 2024-жылдын 31-декабрындагы № 210 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Ушул конституциялык Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Ушул конституциялык Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) аудитор - Эсептөө палатасынын ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген кызматтык милдеттердин айрым чөйрөсү бар кызмат адамы;
2) тышкы мамлекеттик аудит – республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, бюджеттен тышкаркы каражаттардын аткарылышын, бюджеттик жана бюджеттик эмес каражаттарды, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдалануунун натыйжалуулугун талдоо, баалоо жана текшерүү боюнча чаралардын комплекси;