Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 6-июну № 117
Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө
(КР 2024-жылдын 18-июнундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. Ушул Мыйзамдын предмети жана максаты
1. Ушул Мыйзам жеке жактардын активдерин легалдаштырууга, анын ичинде салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөбөстөн легалдаштырууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кепилдик берүү түрүндөгү кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууга байланыштуу мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 1-январына карата бар болгон, жеке жактарга таандык, анын ичинде башка жактарга номиналдуу катталган жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта жайгашкан, атайын декларацияны тапшырган күнгө карата менчик ээси же иш жүзүндөгү ээси декларант болуп саналган активдерди ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруунун укуктук механизмин түзүү жолу менен жеке жактардын мүлкүн жана кирешелерин легалдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу; Кыргыз Республикасынын экономикасына ички жана тышкы инвестицияларды көбөйтүү; көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу; активдердин сакталышын жана ушул Мыйзамда каралган активдерди ыктыярдуу декларациялоо киргизилгенге чейин орун алышы мүмкүн болгон мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн алардын ээлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан куугунтуктоодон коргоону кепилдөөнү камсыз кылуу болуп саналат.
3. Ушул Мыйзам чет мамлекеттин аймагында кылмыштардын же укук бузууларды жасоонун натыйжасында алынган жана өндүрүлгөн жана соттун чечимдеринин негизинде ушундай деп таанылган активдерди легалдаштырууга байланышкан укуктук мамилелерди жөнгө салбайт.
(КР 2024-жылдын 18-июнундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) активдер - атайын декларацияны тапшырган күнгө карата менчик ээси же иш жүзүндөгү ээси декларант болуп саналган, 2023-жылдын 1-январына карата бар болгон мүлк жана мүлктүк укуктар (анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, банк эсептериндеги акчалай каражаттар, Кыргыз Республикасындагы жана/же анын чегинен сырттагы накталай акча каражаттары, баалуу кагаздар, виртуалдык активдер, Кыргыз Республикасындагы коммерциялык уюмдардын жана/же чет өлкөлүк уюмдардын уставдык капиталындагы жана мүлкүндөгү катышуу үлүштөрү (пайлары);
2) декларациялоо объекттери - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте декларантка мурда таризделбеген жана/же декларацияланбаган жана/же башка жакка таризделген, ошондой эле декларациялоо субъекти тарабынан бул мүлккө укуктарды сатып алуу келишиминде көрсөтүлгөн, сатып алуунун иш жүзүндө төлөнгөн (чыныгы) наркынан айырмаланган нарк боюнча таризделген Кыргыз Республикасынын аймагында жана/же анын чегинен сыртта жайгашкан декларациялоо субъектине таандык болгон активдер;
3) декларациялоо субъекттери - Кыргыз Республикасынын жарандары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта жашаган жана башка мамлекеттин жарандыгы бар, бирок Кыргыз Республикасынын жарандыгынан баш тартпагандар, Кыргыз Республикасында жашап туруу мүмкүнчүлүгү бар адамдар, кайрылмандар;
4) декларант - ушул Мыйзамда аныкталган тартипте атайын декларацияны күбөлөндүрүү үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрылган декларациялоо субъекти;
5) атайын декларация - жеке катар номери бар жана декларант тарабынан өзүнө таандык болгон активдерди жана акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугун декларациялоо фактысын ырастаган так отчеттуулуктагы документ;
6) активдерди декларациялоо - декларанттын ыйгарым укуктуу кызмат адамынан атайын декларацияны толтуруу жана күбөлөндүрүү жолу менен активдерди ыктыярдуу декларациялоого байланышкан иш-аракеттери;
7) ыйгарым укуктуу кызмат адамдары - Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын мамлекеттик нотариустары жана Кыргыз Республикасынын жеке нотариустары, жеке жактын активдери жөнүндө атайын декларацияны ушул Мыйзамда каралган тартипте күбөлөндүрүүчү нотариалдык иш-аракеттерди жасоого укуктуу Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин жана башка мамлекеттик мекемелеринин кызмат адамдары;
8) декларациялоо мөөнөтү - ушул Мыйзамда каралган мөөнөт, бул мезгилдин ичинде жеке жактар ыйгарым укуктуу кызмат адамына декларациялоого кайрыла алат;
9) Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестри - ыйгарым укуктуу кызмат адамы түзүүчү жана жүргүзүүчү жана өзүнө төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган реестр: кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын жеке катар номерин, декларациялоо датасын, декларанттын жеке маалыматтарын, ошондой эле кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын бузулганы же жоголгону жөнүндө маалыматты;