Редакцияот 30.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2023-жылдын 30-марты № 75

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

1-берене

 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 

121-берененин 13-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 

"13. Мүлккө камак салуу сотко чейинки өндүрүштүн кандай гана баскычында болбосун, кызыкдар жактардын өтүнүчү боюнча тергөө судьясынын токтому менен жокко чыгарылышы мүмкүн.".

 

2-берене

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 26 (3475) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

2023-жылдын 1-мартында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши кабыл алган