Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 9-августу № 175
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары,
ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын, ардак наамдарынын жана мамлекеттик сый акыларынын укуктук статусун, сыйлангандардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого, ардак наамдарын ыйгарууга жана мамлекеттик сый акыларды берүүгө байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
Башка мыйзамдарда мамлекеттик сыйлыктарды, ардак наамдарды жана мамлекеттик сый акыларды киргизүүгө жана белгилөөгө жол берилбейт.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары сыйлоонун жана мамлекетти, демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын арттырууга кошкон салымын, ошондой эле коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук иштеринде, илим жана техника, адабият, билим берүү, маданият, искусство, медицина, архитектура, спорт чөйрөлөрүндө жана башка тармактарда мамлекетке жана элге сиңирген эмгегин таануунун эң жогорку формасы болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана административдик-аймактык бирдиктери, ошондой эле Кыргыз Республикасына жана элге сиңирген эмгеги бар чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, чет мамлекеттердин юридикалык жактары сыйланат.
Кыргыз Республикасынын ардак наамдары, Кыргыз Республикасынын жаранына, чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга ыйгарылуучу "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери" ардак наамын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандарына көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана тиешелүү тармакты же иш чөйрөсүн өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сый акылары Кыргыз Республикасынын жарандарына көрүнүктүү ачылыштары жана илимий жетишкендиктери, мазмуну боюнча терең жана формасы боюнча айырмаланган чыгармачыл иштери үчүн ыйгарылат.
4. Мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын белгилеринин, алардын документтеринин сыпаттамасы жана үлгүлөрү, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана мамлекеттик сый акыларга көрсөтүү, мамлекеттик сыйлыктарды, ардак наамдарды жана мамлекеттик сый акыларды, алардын актыларын жана документтерин тапшыруу, эсепке алуу жана сактоо, дубликаттарды берүү, сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө жарлыктарды жокко чыгаруу тартибине байланышкан жоболор Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
5. Мамлекеттик сыйлыктардын жана ардак наамдардын, мамлекеттик сый акылардын аталыштары мамлекеттик жана расмий тилдерде белгиленет.
2-глава. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары,