Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2023-жылдын 9-августу № 177

Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө

(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

1-берене

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында полимер материалдарынын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтууга багытталган.

2-берене

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү аныктамалар колдонулат:

1) ташып кирүү - Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймагынын чек арасын кесип өтүү менен байланышкан жана алардын натыйжасында полимер пленкасынан жасалган пакеттер жана пластик буюмдар түпкү керектөөчү үчүн Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймагына келүү аракеттерин ар кандай ыкма менен жасоо;

2) өндүрүү - кийин сатуу жана түпкү керектөө үчүн жарактуу түрдө болгон, ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды өз алдынча же болбосо үчүнчү жактардын кызмат көрсөтүүлөрүн тартуу менен даярдоо;

3) жүгүртүү - ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарына ташып кирүү, өндүрүү, пайдалануу, сатуу жана соодада жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө акысыз берүү;

4) полимер пленкасынан жасалган пакеттер - калыңдыгына жана киргизилген кошулмаларына карабастан полиэтиленден, полипропиленден, поливинилхлоридден, полистиролдон жана башка полимерлерден даярдалган, турмуш-тиричилик максатында колдонулуучу полимер пленкасынан жасалган таңгактоо пакеттери;

5) сатуу - Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында акчалай каражаттарын алуу менен коштолгон, ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган өндүрүлгөн же кайра сатылуучу пакеттерди жана пластик буюмдардын түрлөрүнүн бирин сатуу;

6) пластик буюмдар - полимер термопластикалык материалдарды кайра иштетүү процессинде алынган буюмдар.

3-берене.

1. Ушул Мыйзамда жүгүртүүгө тыюу салынган пластик буюмдардын төмөнкүдөй тизмеги аныкталат:

- кайра иштетүүгө тийиш болбогон бир жолу колдонулуучу пластик идиш;

- пластиктен жасалган бир жолу колдонулуучу жумуртка салгыч;

- кофе үчүн пластик капсулалар;

- азык-түлүк үчүн тор баштык-сумка.

2. Жүгүртүлө турган полимер пленкасынан жасалган пакеттердин жана бир жолу колдонулуучу пластик идиштердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-берене

Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында төмөнкүлөргө тыюу салуу киргизилет:

- товарларды жана жеке буюмдарды ташууда жана таңгактоодо жеке пайдалануусу үчүн жеке адамдардын алып келе жаткан пакеттерин, ошондой эле пломбаланган жүк отсектеринде товарларын транзиттик алып өтүүнү кошпогондо, полимер пленкасынан жасалган пакеттерди ташып кирүүгө;

- ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн пластик буюмдарды ташып кирүүгө;