Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-октябры № 704
2018-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө
2018-жылга статистикалык иштердин курамын жана мазмунун аныктоо максатында, "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2018-жылга статистикалык иштердин программасы (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарба субъекттери (макулдашуу боюнча) мамлекеттик статистика боюнча тиешелүү органдарга Программада каралган мөөнөттөрдө статистикалык жана административдик маалыматтарды берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде статистикалык иштерди каржыласын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 708 "2016-жылга статистикалык иштердин программасы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 7-ноябрында № 117 жарыяланды
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер министри | С.Исаков |
2018-жылга статистикалык иштердин программасы
2018-жылга статистикалык иштердин программасы (мындан ары - Программа) статистикалык иштин бардык негизги багыттары боюнча статистикалык жумуштардын тизмесин, жаңы методологиялык иштеп чыгууларды, басып чыгарылууга дайындалган статистикалык жыйнактарды жана публикацияларды, экспресс-маалыматтарды жана бюллетендерди, эл аралык, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана маалыматтык технологияларды киргизүү механизмдерин камтыйт.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-декабрындагы № 656 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ