Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-ноябры № 754
Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-ноябрындагы № 601, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 38, 2023-жылдын 31-октябрындагы № 581, 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын радио жыштык спектрин оперативдүү пайдалануу максатында, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 98-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-ноябрындагы № 601 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети өзүнүн расмий сайтына 1800 МГц диапазонундагы радио жыштык спектрин пайдаланууга торук өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 2-пунктунан тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 12-декабрында № 127 жарыяланды
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 токтому менен бекитилген |
Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-ноябрындагы № 601, 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 64, 2023-жылдын 25-январындагы № 38, 2023-жылдын 31-октябрындагы № 581 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын радио жыштык спектрин пайдаланууга лицензияларды жана (же) радио электрондук каражаттарды ишке берүү укугуна жыштык ыйгарууларга уруксаттарды берүү, кайра тариздөө, токтото туруу, калыбына келтирүү жана жокко чыгаруу тартибин регламенттейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомдорунун редакциясына ылайык)