УТРАТИЛО СИЛУ в соответствии с постановлением Кабинета Министров КР от 13 января 2023 года № 13
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-ноябры № 780
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси)" өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 8 248-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 24-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24-статья. Автомототранспорт каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) жана эсепке алуунун максаттары, шарттары
1. Кыргыз Республикасында транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) төмөнкүдөй максаттарда ишке ашырылат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары транспорттук каражаттарды жол кыймылына катышууга жана (же) пайдаланууга уруксат берүү;
2) транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо;
3) транспорт каражаттарын колдонууга байланышкан кылмыштарды жана укук бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу.
2. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана жарандары өздөрүнө таандык болгон автомототранспорт каражаттарын, алардын техникалык абалына карабастан, алган же кайра каттоо милдети жаралган учурдан баштап 10 жумуш күндүн ичинде каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүүгө милдеттүү.
3. Кыргыз Республикасында чыгарылган, алынып келинген жана пайдаланылып жаткан жер үстүндө жүрүүчү бардык транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын транспорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) жатат.
4. Бардык автомобилдер, автомобиль сүйрөгүчтөр, автобустар, микроавтобустар, мотоциклдер, мотоколяскалар, моточаналар, мопеддер, трициклдер жана квадроциклдер каттоого (кайра каттоого) жатат:
- кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 50 куб.см кем эмес;
- максималдуу конструктивдик ылдамдыгы саатына 50 км ашкан;