КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-сентябры № 621
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79 жана 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен жогоруда аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНын МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети 1-тиркемеге ылайык кирешелер жана чыгымдар боюнча 13429825,0 миң сом суммасында бекитилсин.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин 2019-2020-жылдарга болжолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 3-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджетинин чыгымдарынын бөлүгү 4 жана 5-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
5-берене.
1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2018-жылга өткөрүп берилүүчү каражаттардын өлчөмү 9375314,4 миң сом суммасында, 2019-жылга 9430742,3 миң сом суммасында, 2020-жылга 9468317,0 миң сом суммасында белгиленсин, бул каражаттар жыл ичинде бекитилген жылдык көлөмдүн он экиден бир бөлүгү өлчөмүндө текши жана толук көлөмдө бөлүнөт.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине 2018-жылга өткөрүп берилүүчү каражаттардын көлөмү 2191267,8 миң сом суммасында, анын ичинде камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды жабууга 64241,3 миң сом суммасында, 2019-жылга - 2249910,8 миң сом суммасында, 2020-жылга 2381558,8 миң сом суммасында белгиленсин.
6-берене.
1. Финансылык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн каражаттарынын калдыктарынын жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн келип түшкөн каражаттардын эсебинен 2018-жылдын башына карата кассалык жүгүртмө накталай акчанын көлөмү 170000,0 миң сом суммасында белгиленсин.