КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-июну № 321
Кыргыз Республикасында актуарийлердин ишинин маселелери жөнүндө
Актуарийлердин ишин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында актуардык иш жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 661 "Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жободо:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- актуардык ишке.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-глава менен толукталсын:
"9-1. Актуардык ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
34-1. Актуардык ишке берилүүчү лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында колдонулат.
34-2 Лицензияланган актуардык иш актуардык ишти жүзөгө ашыруу боюнча жумушту аткаруудан жана (же) кызмат көрсөтүүдөн турат.
34-3. Актуардык ишти жүргүзүүгө лицензияны алуу үчүн төмөнкү документтер берилүүгө тийиш:
- белгиленген формадагы арыз;
- жеке ишкер үчүн мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арызды кароо жана лицензияны берүү үчүн лицензиялык жыйымды төлөгөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү;
- нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн жогорку экономикалык, математикалык же техникалык билиминин болушун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (тиркөө менен);
- соттолуунун жоктугу жөнүндө маалымкат.".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Жээнбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 321 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында актуардык иш жөнүндө ЖОБО
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-июну № 321
Кыргыз Республикасында актуарийлердин ишинин маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомунун редакциясына ылайык)
Актуарийлердин ишин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында актуардык иш жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)