Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июлундагы № 513 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2017-жылдын 25-октябры № 700

Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-майындагы № 230 КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 629 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-майындагы № 230 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

 

С. Исаков

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июлундагы № 513 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-октябрындагы № 700 токтому менен бекитилген

Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-майындагы № 230, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 629 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору (мындан ары - Фонддор) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин (мындан ары - монополияга каршы органдар) материалдык-техникалык базасын чыңдоо, иш үчүн зарыл шарттарды түзүү жана кызматкерлерди социалдык коргоону камсыз кылуу максатында түзүлөт.