Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-январы № 33
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ички аудит кызматтарын натыйжалуу иштетүү максатында, "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Ички аудит кызматы түзүлүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тизмеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык;
- Ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине карата талаптар ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык.";
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 2-тиркеме менен толукталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
1-тиркеме
Ички аудит кызматынын болушу милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ТИЗМЕСИ
№ | Мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тизмеси |
1 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
2 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
3 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
4 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
5 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги |
6 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
7 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
8 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
9 | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
10 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
11 | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
12 | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети |
13 | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
14 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги |
15 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик |
16 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
17 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
18 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
19 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы |
20 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы |
21 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансылык полиция) |
22 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
23 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
24 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду |
25 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
26 | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
27 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
28 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
29 | Бишкек шаарынын мэриясы |
30 | Ош шаарынын мэриясы |