Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2008-жылдын 25-сентябры N 536

"Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы N 533 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

"Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы N 533 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 5-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар башкармалыгы менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактардын баалуу металлдардан зергер буюмдарды өндүрүү, жасоо жана сатуу иштерине аффинаждоо процессинен баштап пробалык көзөмөл жүргүзөт";

- 6-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

Премьер-министри

И. Чудинов