Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-апрелиндеги № 223 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 4-июну № 264
Кыргыз Республикасынын аймагында алгыр жырткыч куштарды күтүү жана пайдалануу эрежесин бекитүү жөнүндө
Алгыр жырткыч куштарды күтүү жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мамилелерди тартипке салуу боюнча чараларды камсыздоо, "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында алгыр жырткыч куштарды күтүү жана пайдалануу эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
Кыргыз Республикасынын аймагында алгыр жырткыч куштарды күтүү жана пайдалануу ЭРЕЖЕСИ
1. Киришүү
Бул, Кыргыз Республикасынын аймагында алгыр жырткыч куштарды күтүү жана пайдалануу эрежеси (мындан ары - Эреже) алгыр жырткыч куштар менен аң уулоонун салттуу улуттук түрлөрүн сактоого, ошондой эле алар менен көргөзмөлөргө, мелдештерге жана башка иш-чараларга катышууну колдоого багытталган жана алгыр жырткыч куштарды кармоонун, күтүүнүн жана пайдалануунун тартибин жөнгө салат.
2. Терминдер жана аныктамалар
Лимит - республиканын аң уулоочу жерлеринин бардык аймагында же айрым бир аң уулоочу жерлерде жаныбарларды алуунун максатына карабастан, популяциялардын туруктуу жашоого жана көбөйүүгө жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен табигый чөйрөдөн жаныбарларды олжолоонун жол берилген сандык чеги;
аңчы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик мергенчилик ырастама алган жеке адам, же болбосо аңчыга теңештирилген адам;
мамлекеттик мергенчилик ырастама - жеке адамдын аңчынын статусун алгандыгын ырастоочу мамлекеттик документ;