Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 776 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 14-ноябры № 740
Дене тарбия жана спорт мекемелеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды спорт менен машыгууга тартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы "республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби" деген сөздөр "балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пунктунун:
- экинчи абзацындагы "республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби" деген сөздөр "балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацындагы "республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби" деген сөздөр "балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жободо:
аталышындагы "республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби" деген сөздөр "балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- II, X жана XI бөлүмдөрдүн аталышындагы "РОРАБӨМ" деген аббревиатура "БӨСАМ, ПРБӨМ" деген аббревиатуралар менен алмаштырылсын;
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби жана паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектебине (мындан ары - БӨСМ), олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебине (мындан ары - ОРАБӨМ), балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектебине (мындан ары - БӨСАМ) жана паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебине (мындан ары - ПРБӨМ) колдонулат.";