Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги N 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 1-марты № 120
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жободо:
1) 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын";
2) 2-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтарындагы "кирешелери менен" деген сөздөр алып салынсын;
3) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Фонд өткөн жылда бажы органдары товарларды чыгарууга, баштапкы чечим кабыл алууга байланыштуу бажылык операцияларды жүргүзгөндүгү үчүн бажылык жыйымдардан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактардан республикалык бюджетке түшкөн кирешеге барабар суммада республикалык бюджеттин чыгымдоо бөлүгүнүн эсебинен каржылоодон түзүлөт.";
4) 4 жана 5-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 6-пунктунда:
- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Мамлекеттик бажы кызматынын органдарынын материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого, кызматтык автотранспорт, оргтехника алууга, бажы инфратүзүмүнүн объекттерин, балдар бакчаларын, дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемелерин, кызматкерлер, техникалык жана кенже тейлөө персоналынын жумушчулары (мындан ары - жумушчулар) үчүн турак жайларды алууга, курууга жана күтүүгө, кызматтык имараттардын ижарасына төлөөгө;";