Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2018-жылдын 19-марты № 143

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 319 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Калктын финансылык сабаттуулук деңгээлин мындан ары жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 319 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунда:

үчүнчү абзацындагы "(мындан ары - Иш-чаралар планы)" деген сөздөр алып салынсын;

пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын экинчи этабын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы 3-тиркемеге ылайык.";

- 2-пунктунда:

"Иш-чаралар планын аткарууга" жана "Иш-чаралар планын аткаруунун" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Жогоруда аталган иш-чаралар пландарын аткарууга" жана "жогоруда аталган иш-чаралар пландарын аткаруунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

"15" деген цифралар "25" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 3-пунктундагы "Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 15инен" деген сөздөр "жогоруда аталган иш-чаралар пландарын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 25инен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- токтом ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 3-тиркеме менен толукталсын;