Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июлундагы № 513 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 11-майы № 230
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-октябрындагы № 700 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондусу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасында табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-октябрындагы № 700 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондусу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу";
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.";
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жобо";
- 1-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: