Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 572 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2018-жылдын 22-майы № 242

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

“Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуу боюнча калкты тейлөөнү жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Рецепт менен берилүүчү дары-дармек каражаттары эл аралык патенттелбеген аталышы менен бекитилген үлгүдөгү рецепттердин бланктарына гана жазылары белгиленсин.";

2) ЛС-1 формадагы рецепттик бланк ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

3) ЛС-2 формадагы рецепттин бланкы күчүн жоготту деп таанылсын;

4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелеринде:

- 5-пунктунун экинчи, төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 6-пунктундагы "Жеңилдиктерге укугу бар бейтаптардын бардык категорияларына акысыз же жарым-жартылай төлөө менен" деген сөздөр алып салынсын;

- 7-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 8-пунктунун биринчи абзацындагы "дарыгердин фармацевттик кызматкерге кайрылуусу" деген сөздөр "рецепт" деген сөз менен алмаштырылсын;