Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2004-жылдын 28-октябры N 794
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы N 557 токтомунун редакциясына ылайык)
Европалык Шериктештик Комиссиясы менен биргелешип аткарылып жаткан "Азык-түлүк коопсуздугу - 2003" Программасынын бардык шарттарынын аткарылышына жана республикага Европалык Шериктештик Комиссиясынын 9,5 млн.евро өлчөмүндөгү гранттык каражаттарынын өз убагында түшүшүнө контролдукту күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Азык-түлүк коопсуздугу - 2003" Программасын ишке ашырууга катышып жаткан министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана мамлекеттик комиссиялар Европалык Шериктештик Комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга карата реформалардын саясатынын тиркелген Матрицасында айтылган шарттарды кыйшаюсуз аткарышсын (N 1 жана N 2 тиркемелер).
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы "Азык-түлүк коопсуздугу - 2003" Программасына катышып жаткан министрликтердин, ведомстволордун бюджетинин статьяларын өз убагында жана толук көлөмдө каржыласын.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитет ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Меморандумга карата жеке менчик сектору тарабынан жүзөгө ашырылуучу азык-түлүк товарларын импорттоонун (N 3а, N 3б жана N 3в тиркемелер) мониторингин жана ырастоочу документтерди берүүнү камсыз кылсын.
4. "Азык-түлүк коопсуздугу - 2003" Программасын башкаруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча комитеттин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Н.Танаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2004-жылдын 28-октябрындагы
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ